www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого арналган жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ачты. Ал өз сөзүндө жаңы жөлөкпулду киргизүү балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана алардын социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Анын айтымында, жөлөкпулду берүү боюнча натыйжалуу жана ачык-айкын механизмди түзүү — түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана тармактык адистердин биргелешкен ишин талап кылган маанилүү милдет болуп саналат.

«Бүгүн биз “Бала ырысы” жаңы жөлөкпулун ишке ашыруунун практикалык механизмдерин талкуулоонун маанилүү этабын баштап жатабыз. Биздин максат — балалуу үй-бүлөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу колдоого алып, мамлекеттик жардамды алуу тартибин адилеттүү жана түшүнүктүү кылган чечимдерди иштеп чыгуу», — деп белгиледи Камчыбек Досматов.

Белгиленгендей, «Бала ырысы» жөлөкпулунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча иштер кызыкдар мамлекеттик органдардын жана эксперттердин катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун кийинки жыйындарынын алкагында улантылат.

Последние новости