www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайнак Үсөн уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, Жайнак Үсөн уулу 2015-2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири.
Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015-2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.