www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдун кезектеги төлөмү каржыланды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, 10-сентябрга карата төлөм алууга 232 миң 229 алуучу түзүлдү.
Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү.
«Бала ырысы» төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейинки балдарга берилет.
Жөлөкпулдун базалык өлчөмү айына 1 200 сом. Айрым калктуу конуштарда төлөмдүн көлөмү райондук коэффициенттерди эске алуу менен эсептелет.
Министрликтин маалыматына ылайык, маалыматтар базасын жаңыртуу, арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгуу жана маалыматтарды кошумча текшерүү иштери уланууда.
Ошондой эле жөлөкпул берүү процессин мындан ары санариптештирүү жана уюштуруучулук жактан өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.