www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.
Жыйын Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденовдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.
Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү, издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон адамдарды аныктоо, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз букмекерликке жана кумар оюндарына каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, экстремизм, терроризм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, адам сатуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешкен иш алып баруу маселелери каралды.
Жыйында ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.
Жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 4-жыйынын 2027-жылы Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле тараптар коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен декларацияга кол коюшту.