www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча план иштелип чыгууда. Бул тууралуу 1-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына таянсак, 2024-жылга чейин эсептелген пландын долбоору азыр коомдук талкуудан өтүүдө. Ал мыйзамдык база түзүү, жергиликтүү бийлик органдары менен иштөө жана балдарды да, ата-энелерди укуктук жактан маалыматтык камсыздоого багытталган.
«Алгачкы жолу мындай планды түзгөн иш тобуна жарандык коом өкүлдөрү катышууда. Биринчи жолу ушунчалык деталдуу, көп тараптуу план түзүлүп жатат. Аны түзгөн иш тобуна мамлекеттик органдардан тышкары ар бир облустан жарандык коом өкүлдөрү тартылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-2020-жылдары ага чейинки жылдарга караганда балдарга карата зордук-зомбулук дээрлик 50% көбөйгөн», - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөрүн жакында Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлаган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңдей бала эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган.
Булак: NazarNews.kg