www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду. Анда премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүү, ошондой эле өкмөттүн жаңы курамын бекитүү маселеси талкууланууда.
Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду көрсөтүлүп, ал Өкмөт башчы болду. Аны «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштады.
Марипов 22 өкмөт мүчөлөрүнүн алтоосу кыскалаарын айтты.
"Айыл чарба тармагы көтөрүлөт. Ал эми Айыл чарба министрлигинин статусу күчөйт", - деди ал.
41 жаштагы Улукбек Марипов 2006-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппаратта ар кандай кызматтарда иштеп келген. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары да болуп иштеген. Ал Эсеп палатасынын төрагалыгына 2016-жылдын март айында дайындалган.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен.
Улукбек Мариповдун өмүр баяны:
Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош шаарындагы техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча билимин тереңдеткен.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус, англис
Эмгек жолу:
2015-жылы Улукбек Марипов КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Ал 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келген.
Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.
Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg