www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын менен эле мигранттардын балдары туугандары жана тааныштарынын колунан каза тапкандардын саны үчкө жетти.

Буга окшогондордун бир 10-январында Ош облустук ооруканасына оор абалда түшкөн бала каза болуп калгандыгы орун алган. Кийин Ош ШИИБи бала жеңеси тарабынан сабалып, мындан улам каза болушу мүмкүн экендигин маалымдаган. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган болчу.

Шектүү менен жолугуу үчүн Акыйкатчы институтунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барышкан. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекемеден кабарлашты. Акыйкатчы институнун өкүлдөрүнө шектүү келин окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берген.

"Анын айтымында, ал баланы урган эмес. Бала жыгылып түшкөн. Андан кийин ал наристени балдар ооруканасына алып барган. Ооруканадан дарыгерлер баланы текшерип көрүп үйүнө жөнөткөн. 10-январда наристенин абалы оорлошуп, кусуп, калтырап баштаган. Ошондо ал баланы кайра ооруканага алып барган. Дарыгерлер бала ооруканага алып келе жатканда жолдо каза болгонун айтышкан", - деп жазылат маалыматта.

Коомчулукта кылган ишине, тактап айтканда, бейкүнөө баланы өлтүруп салгандар эмнеге мыйзам алдында  жооп бербейт деген суроолор жаралууда. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой акыркы чекитти мындай иштерде сот гана чекит коё алат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости