www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баласын ур токмокко алган келиндин бир тууган агасы менен атасын атып кетишкен.
«Бул келиндин өткөн жылда бир тууган агасы менен атасын бир күндө атып кетишкен.
Мен үйүнө барып, апасы менен маектешкем, үй-бүлөдө ар тараптуу көйгөйлөр бар. Мындай шартта адамдын психологиялык абалы деле дурус болбойт. Экинчи тараптан төрөтүп коюп, качып жүргөн эркектин мамилеси. Мунун баары аял кишиге оордук кылат.
Кызын өтө деле катуу сабаган эмес экен. Мындай көрүнүш ар бир үй бүлөдө болуп турат.
Бизде коомдук пикир басымдуулук кылат. Чара көрүлсүн деп, коомчулук түп көтөрүлдүк. Чара көрүлгөндөн кийин, чаранын ордуна психологиялык абалын оңдоого жардам бериши керек эле деп жатабыз. Мунун жыйынтыгы менен 3 бала балдар үйүндө, энеси камакта.
Сотко кайрылган атага баарибир, анткени эки бала анын баласы эмес.Айтор жакшы иш болбоду», - деп жазган журналист Кайрат Жапаров.
Эскерте кетсек, интернет тармагында ушул жылдын 27-январь айында аял киши өзүнүн баласын ур токмокко алып, аны видеого түшүрүп алган. Кийинчирээк социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, көпчүлүгү анын жоопкерчиликке тартылышын талап кылган. Көп өтпөй, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, балдары балдар үйүнө жеткирилген.
Булак: NazarNews.kg