www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-мартта эл өкүлү Балбак Түлөбаев өлүм жазасын кайрадан мыйзамга киргизүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын жыйынында эл өкүлү аймактарда балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча тергөө иштери көбүнчө тараптар жарашкандан кийин аяктаарын белгиледи.
«Милицияга, сотко жетпей калган учурлар көп. Жада калса участкалык милиционер өзү да кийлигишип, тараптарды ынтымакка чакырган учурлар болот. Катуу көзөмөл керек. Тараптарды жараштырууга аракет кылган ички иштер органдарынын кызматкеринин жоопкерчилиги тууралуу беренени киргизүү зарыл. Балдарга карата кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайра алып келиш керек. Биз аларга каршы зордук-зомбулукту ушундай жол менен гана токтото алабыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ күнү Балбак Түлөбаев “той-ашка кошмойдун ордуна алтын алып барууну салтка айланталы” – деген пикири үчүн коомчулуктун сын-пикирине кабылган.
Булак: NazarNews.kg