www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы орус аскерлеринин жарандарга кол салбаганын айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Владимир Путин борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

Орустар менен украиндердин бир улут экенин айткан Путин: "Орус аскерлери (Украинада) чыныгы баатырлардай мамиле кылып жатышат. Биздин жоокерлер эч качан карапайым элге кол салышпайт"-деди.

Коридорлордун украин улутчулдары тарабынан жабылганын белгилеген Путин: «Украина күчтөрү жарандарды калкан катары колдонууда",-деп айтты.

Орусиянын «атайын аскердик операциясынын» азыркы планына ылайык уланып жатканын белгилеген Путин, Батыш түзгөн оруска каршы оппозицияны жок кыла тургандарын айтты.

Орус лидер каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөрүн убада кылып, жарадар болгон бардык орус аскерлеринин да компенсация алаарын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 

Последние новости