www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мэр болуп турганда Балбак Түлөбаев балык кармайм деп кайырмак салып отуруп, бир кумура алып чыгат, ачып жиберсе кумурадан бир жин чыгып:

- Улуу урматтуу мырзам Балбаке, миң жылдап жаткан мени бошотконуңуз үчүн сиз эмнени көксөп кааласаңыз үч тилегиңизди орундатам, – дейт.

- Биринчи көксөгөн тилегим Бишкекте жол киресин кымбаттатып бер. Шоопурлардан «магарыч» алып койдум эле, кантип кутулаарымды билбей турам, – дейт.

- Ляппай, таксыр, буюрса май айында Бишкектин жол киреси 10 сомдон эмес, 15 сомдон болот, - дейт жин сакалынан тал алып сындырып.

- Экинчи көксөгөн тилегим Кыргызстандагы эң бай адам болгум келет, - дейт Балбакең.

- Ляппай, таксыр, буюрса коронавируска келген гумжардамдардан Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп тургандагыдай пайда тапсаңыз тез эле болосуз, – дейт жин сакалынан тал алып сындырып.

- Үчүнчү көксөгөн тилегим президент болгум келет, - дейт.

Караса эле жин кумурага кирип баратат имиш, Балбак Түлөбаевди болсо бийлик көчүккө тээп Бишкек мэрлигинен  кубалап жибериптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости