www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түндүк электр» карызы бар 5 миң абоненттин жарыгын өчүрөт

1-марттан баштап карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар сайтына кирип «Абоненттин балансы» деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат.

Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.

Өз кезегинде «Түндүк электр» жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.

Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.

Белгилей кетсек, каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости