www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1- авгусунан 7- авгусуна чейин 2773 телефондон кайрылуу, же бир суткада 396 чалуу түшкөн.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Анын ичинен 20 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 2 же 10 % жаш балдардан, ал эми 18 же 90 % чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 14 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 2 психологиялык консультация берилген. 20 чалуунун  ичинен эркектерден – 3 (15%), аялдардан – 15 (75%), балдардан – 2, анын ичинен  кыздардан – 2 (100 %), эркек балдардан – 0.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– ар кандай жардам берүү – 4;

– социалдык жардам сурап – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 2;

– психологиялык консультация – 2;

– борбордун иши туралуу маалымат – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1 абонент чалган.

2760 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  9;

– Чуй облусунан – 6;

– Ыссык-Көл обл. – 2;

– Жалал – Абад облусунан –  1;

– Ош облусунан – 1;

– Баткен обл. – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости