www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева сурак бергени УКМКга кирип кеткен. Бул маалымат  тууралуу бүгүн, 12-августта  анын партиялашы Адил Турдукулов маалымат булактарга билдирген. 

Эске салсак, 12-августта КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева сурак берээрин "Азаттык" жазып чыккан.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын саясий мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана тарапкер Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынган. Ал эми Марат Шаменов 11-августта кармалган.

Кой-Ташта 7-8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылган.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости