www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бали! Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло медал алды.

Ал 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, 10:1 эсебинде утту. Экинчи айлампада мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын жерге басты.

Жуманазарова беттештерди 2-августта баштаган, алгач блогариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген, чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга утулган. Кийин жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Жапониянын баш калаасында өтүп жаткан Жайкы Олимпиадада кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күмүш медал утту.

4-августта дагы Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт.

Жапонияда 23-июлда расмий башталган Олимп оюндары 8-августта бүтөт.

Кыргызстандан 16 спортчу аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости