www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчиликке бөгөт коюу боюнча атайын биргелешкен чек ара операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу 3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, операцияга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жетекчилик кылууда. Ага жергиликтүү бийлик, күч органдарынын жана тийиштүү структуралардын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү катышып жатышат.

Максат Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү экени белгиленди.

Эки өлкө ортосунда аткезчилик токтобой жатканына президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон быйыл 28-июнда тынчсыздануусун билдиришкен.

Эске салсак, 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости