www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев эгер күнөөлүү болбосо, анда саясатта орду болот. Мындай пикирди саясатчы, профессор Зайнидин Курманов айтты. 

--"Эгер Аскар Акаев баатыр болуп келсе, ошондо мааниси болмок. Ал биздин өлкөнү коррупциянын бычагына салып берген адам катары кайтууда.

Ал Кыргызстан башынан өткөрүп жаткан кырсык менен трагедиянын башында турат. Анын мындан аркы тагдыры кандай болоорун айтуу кыйын. Азыр эмоцияларды басаңдатып, баарын мыйзам боюнча караш керек. Эгер мыйзам боюнча күнөөлүү болсо анда аягына чейин азабын тартат, эгер күнөөлүү болбосо, анда Кыргызстандын биринчи президенти катары саясатта орду болот.

Ал президенттикке академиктердин баарынын жолун тосуп салды. Академиктердин авторитети кетип калды. Ошон үчүн башка адамдар бийликке келип атат. Билими бар болчу, илимпоздорго таянып, керемет иштерди жасаса болот эле, бирок анте алган жок. Ал айланасына конформисттерди, баюуну гана ойлогон адамдарды топтоп, таптакыр туура эмес жолго түшүп алды”, - дейт Курманов.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев кечээ, 2-августта өлкөгө кайтып келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости