www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын токойлорундагы өрттөн 8 адам каза болду

Түркиянын түштүгүндөгү токойдогу өрт кеминде сегиз адамдын өмүрүн алып, ондогон киши ар кандай жаракаттарды алды. Токойлорго жакын жайгашкан курорттук аймактардан туристтер чыгып кетүүгө аргасыз болуп, эс алуу жайлары бош калды.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли азыр токойлордогу өрттүн 125 очогу чектелип, көзөмөлгө алынганын билдирди. Ал эми башка аймактардагы дагы жети өрттүн очогу өчүрүлө элек.

Өрттү өчүрүүгө 40 градустан жогорку ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоол болуп жатканы белгиленди.

Миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүрүлүп, отелдердеги эс алуучулар өрт чыккан аймактардан чыгарылды.

Европа биримдиги Түркияга токойлордогу өрттүн жайылышын токтотуу үчүн өрт өчүрүүчү үч учак жөнөтөрүн билдирди.

Түрк бийлиги тилсиз жоону өчүрүү үчүн Орусияга, Украинага, Иранга жана Азербайжанга учак сурап кайрылганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости