www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүгө шашылбайт. ЕАЭБге мүчө болуу же болбоо тууралуу чечимди уюмга кирүүнүн оң жана терс жактарын талдап чыккандан кийин гана чыгарат.

Орусия Тажикстанды уюмга кошууга кызыкдар болгону менен Душанбе бул маселеде ашыкпай, талдоо жүргүзүү керек деп эсептейт.

"ЕАЭБ  - жаш бирикме. Ар бир мамлекет тигил же бул уюмга мүчө болуудан мурун анын оң жана терс жактарын талдап чыгат. Учурда биз коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, талдоо жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирүү тууралуу чечим кабыл алына элек", - дейт Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода.

Анын айтымында, учурда Тажикстандын ЕАЭБге кириши тууралуу алдын ала макулдашуу жок. Өкмөт уюмга кирүү тууралуу кандай жана качан чечим чыгарары белгисиз.

Министрлик алгач уюмга мүчө мамлекеттердин рыногун изилдеп, Тажикстанда өндүрүлгөн продукция канчалык атаандаштык кыла алары, ЕАЭБ талаптарына жооп бере алар-албасын карап чыгуу керек деп эсептейт. Ошондой эле уюмга кирүү үчүн мыйзамдарды, техникалык регламенттерди, тарифтерди анын талаптарына ылайык келтирүү керек экенин белгилейт.

Эксперттер Тажикстан уюмга кирсе, эмгек мигранттарына бир топ жеңилдиктер берилерин айтышат. Ошол эле учурда алдыңкы өлкөлөрдөн заманбап техниканы алууда маселе жараларын, ЕАЭБге кирүү менен Тажикстан үчүн башка жоготуулар да болорун белгилешет.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения мүчөлүк кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости