www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0 - 25-чакырымдар аралыгында жол оңдоо иштери соңуна чыгып калды.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү.
Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди.
Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 3 ири көпүрө жаңыланды.