www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекеттик саясатты түшүнүп болбойт. Бийлик төбөлдөрү кимдин-ким экенин жакшы билишет. Ким кандай коррупциялык схемаларга аралашканын, кандай мыйзамсыз иштери бар экенинен президенттен баштап, Башкы прокурор, сот баары кабардар. Бирок, эмнегедир дал ошол баскан изи мандемдүү, куйругунда калбыры барлар менен табакташ болуп, камыр-жумур болуп иштеше беришет. 

Айталы, КабМин төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу президент Садыр Жапаровдун айткандары такыр логикага да, мыйзамга дагы ылайык келбейт. 

Тактап айтканда, президент Садыр Жапаровдун: "Акылбек Жапаровдун коррупциялык иштерин эл да билет, мен дагы билем. Менин жанымда жүрсө эле жоопкерчилик тартпайт экен деп ойлобогула", - деп айтып туруп, коррупциялык ишин билген адамды жоопкерчиликке тарткандын ордуна өлкөнүн экинчи адамы кылып КабМин төрагасы кылып койгону кандай мыйзамга, логикага, моралга сыят. Анан коррупциялык күрөш тандалма эмес, өз-жат дебей текши жүрүп жатат дегенге ким ишенет? 

Көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, президенттин бул жоругунан Акылбек Жапаров сабак алып, өзүнө коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып кетип, убакыт өткөрүп мөөнөтүн эскиртип кайра келип, кылмыш ишин кыскартып алган мурдагы Транспорт жана жол министри Нурлан Сулаймановду өзүнө кеңешчи кылып алды десек жарашат. 

Балыкчы-балыкчыны алыстан тааныйт болгон, өзүнчө эле кой терисин жамынган карышкырлардын үйүрү... 

Болбосо Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча айыпталган. Анын мамлекеттик казынага келтирилген зыян дээрлик 250 миллион сомго бааланган. 

Анан ушундай адамдын кандай кеңешин угууга зар болгон Жапаров өлкөнү өнүктүрөт десе күлкү келет. 

Айткандай, Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар Сулайманов Камчыбек Ташиевге караштуу "Ата-Журт — Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости