www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июнда, президент Садыр Жапаров менен Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөдөгү мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан Катар Эмиринин чың пейили менен жеке колдоосун жогору бааларына басым жасады.

Өз кезегинде Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Президент Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын баса белгиледи. Быйыл эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленет.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык кеңейерине бекем ишенимин билдирди. Атап айтканда, соода-экономикалык чөйрө, инфратүзүм, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Соңунда Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катар ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү ниетин баса белгиледи.

Эске салсак, Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен кечээ, 6-июнда келген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости