www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы-Барскоон унаа жолун оңдоп жаткан жумушчулар 3 айдан бери маянасын ала албай жатышат. Бул тууралуу алар жергиликтүү басылмалардын бирине билдиришкен.

Жумушчулардын айтымында, алар 2022-жылдын декабрынан бери эмгек акысын ала элек. Буга байланыштуу кечээ да чогулуш болуп, ага жумушчулар жана генподряддык уюмдун өкүлдөрү катышкан.

“Биз мындан ары иштебейбиз, анткени алар бизге мындан ары деле айлык бербейт. Декабрдан бери иштеп тапкан акчабызды төлөп берүүнү талап кылабыз”, - дейт жол куруучулар.

“Арек Роад” башкы подряддык ишканасынын директору Бакытбек Ашим уулу белгилегендей, жалпы эмгек акы боюнча карыз 7 миллион 600 миң сомду түзөт.

“Кечээки күндөн баштап 296 жумушчуга акча төлөп баштап, бүгүн бүтүрдүк. Кызматкерлерге болгон бардык карыздарды жаптык”, - деп ишендирди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо долбоорлору менен таанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости