www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Азиз Асаналиевди Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү кармаганы айтылды.
Белгилей кетсек, депутат Балбак Түлөбаев муниципалдык чиновниктин кармалганын парламент жыйынында билдирген. Ал Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев бир жумадан бери табылбай жатканын, вице-мэр камакта экенин айткан.
Кийинчерээк өлкө башчынын басма сөз кызматы Балыкчы шаарынын муниципалитетинин башчысы кызматтан өз каалоосу менен бошотулганын кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg