www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендик аялдарга өзгөчө баштыктар тапшырылды

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы аялдардын демилгелүү тобу жана «Энсан Даймонд» коомдук бирикмеси ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте ушундай кырдаалдарда керек болгон аялдар үчүн «сигнал баштыктары» иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган коомдон билдиришти.

«Шашылыш чемодан» – бул толук рюкзак, анда минималдуу кийим-кече, плед, гигиеналык буюмдар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектердин комплекти, тиричилик шаймандары жана башка зарыл нерселер бар. Мындай комплект бир гана адамга арналган — кооптуу аймактан мүмкүн болушунча тез эвакуациялоо шарттарына ыңгайлаштырылган.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Рогов Ош жана Баткен облустарына иш сапары менен барып,  “сигнал баштыктарын” берди.

Жалпысынан 200 даана ушундай комплект жасалган. Жартысы Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жабыр тарткан аялдарга, калганы жергиликтүү бийликке, муктаждарга бөлүштүрүү үчүн тапшырылды. Ар бир рюкзактын баасы болжол менен 3000 сомду түзөт, ар бир комплект 24 буюмдан турат.

«Тизмени түзүү үчүн башка чет элдик ведомстволордун тажрыйбасын үйрөнүп, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочулары менен да консультацияларды өткөрдүк», — деди «Энсан Даймонд» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жамиля Капарова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости