www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүндө жоокер башка аскер кызматкерин атып алган. Жоокерге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар​​ билдирди.

Жамбашынан жаракат алган жоокер шектүүгө каршы доомат коюудан баш тартканы айтылууда.

Белгилүү болгондой, офицер тапанчасын столдун үстүнө коюп, кабинеттен чыгып кеткен. Ошол учурда жоокерлердин бири тапанчаны алып, кокусунан башка жоокерди жарадар кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасы кароолдук кызматтын тартибин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча айып куралды таштап кеткен офицерге коюлган.

Соттун өкүмү чыгып, аскер кызматчысына пробациялык көзөмөл дайындалды.

Ал эми жоокер боюнча тараптардын жарашуусунан улам иш жабылганы айтылууда.

Эске салсак, Балыкчыда Коргоо министрлигинин аскерге чакырылган жоокери октон алган жаракатынан улам ооруканага түшкөн. Аскер кызматкери уруксатсыз тапанчаны алып, жерге ок чыгарган. Натыйжада ок рикошет болуп, кесиптешин жарадар кылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости