www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы айларда Аликбек Жекшенкулов сыркоолоп, ден соолугунун камын көрүп, саясаттан сырткары жүргөнүнөн кабарыбыз бар. Бирок айрым бузукулар коошпогон талкууларга аралаштырып, “бөйрөктөн шыйрак” чыгарышкандай. Эмесе, кепти оролунан келтирели. Москвадагы элчи Гүлнара-Клара Самат (айтылуу Клара Кабилова) иштей албай жатканы кашкайды.

Миңдеген мекендеш мигранттардын укугу тебеленип, кыйчалыш кырдаалдарга күбө болуудабыз. Өз милдеттерин аткара албаган элчи айымдын деңгээлине көпчүлүк ынанды. Сын-пикирдин очогунда сапырылып эле калгандай. “Өлалбай жатып өлөң айтат” дегендей, ГүлнараКлара Саматтын жакын тарапташтары Аликбек Жекшенкуловдун короосуна таш ыргытышып, соцтармакта жамандаганга аракет жасашты.

Бирок алтынды дат баспаган сыңарындай, экс-министрге алардын ыпыр-сыпыры жукпады. Кээде адамдарга таңгаласың. Арканды алыс ыргыта алышпайт, майда интригага байланып калышкандай. Маселен, Аликбек Жекшенкулов Россияда элчи катары кандай иштегенин жарыялоонун кажети жок. Элдин баары профессионалдык дараметин, жогорку деңгээлдеги дипломат экенин билишет. Башкасын айтпасак да, пандемияда мигранттарга чын ыкластан кам көргөнү, өз жанын тобокелге салуу менен жумушун биринчи планга койгону айкын. Элибиз үчүн ак ниеттүүлүктө берилип кызматын кылганы жашыруун эмес.

Кыскасы, каарманыбыздын эмгеги унутулбайт. Биздин маалымат боюнча, ал мансап кызыкчылыгынан бийик турат. 2010-жылы министрлик кызматтан баш тартып койгону эсибизде. Мындай сапат сейрек инсандарда кездешет. Эмесе, бийликтеги айрым төбөлдөр тынч уктай беришсе болот. Саясый абалга таасир этчү коркунуч башка жактан согуп атканы жакында ачыкталса керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости