www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган сентябрда Өзбекстанга келет

Түркия менен Түркмөнстандын лидерлери үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрында Самаркандда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өткөн брифингде Өзбекстандын ШКУ иштери боюнча улуттук координатору Рахматулла Нуримбетов билдирди.

Ошондой эле саммитке ШКУга мүчө сегиз мамлекеттен тышкары үч байкоочу мамлекеттин башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Булар Белоруссия, Иран жана Монголия.

«Өзбекстан төрагалык кылуучу тарап жакын мамиле түзгөн өлкөлөрдүн лидерлерин күтөт. Алардын арасында Түркия менен Түркмөнстандын президенттери, ошондой эле келишимге ылайык бир катар башка коноктор да бар», — деди Нуримбетов.

Белгилей кетсек, 15-16-сентябрда Самаркандда ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости