www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарында электромобиль заводу курулат. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-майда, Балыкчы шаарына Түштүк Корея мамлекетинен электромобиль заводун куруу боюнча инвесторлор келишти.

«Алар менен шаар мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек жолукту. Жетекчи Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директорлору Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен сүйлөшүү учурунда Балыкчы тогуз жолдун тоому болгондуктан соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгиледи», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, инвесторлор электромобилдерди 10 жылдык кепилдик менен чыгарары айтылды.

 «Чет элдиктер жергиликтүү жашоочуларды заводду курууга, кийин автомобиль чыгаруу иштерине катыштыруу үчүн атайын даярдыктан өткөрөт. Завод үч этап менен иш алып барат. Биринчи этапта 65 миң, экинчи этапта 300 миңден ашуун жеңил автоунаа жана минивэн классындагы машиналарды өндүрөт», — дешти шаар жетекчилигинен.

Алгач автотетиктер чет өлкөлөрдөн алынып, кийин Балыкчыда чогултулары кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости