www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы жазуучуларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

«Сиздер кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуу менен катар балдардын китеп окууга жана жаңы илим-билимге карай умтулуусун калыптандырууга зор таасир берип жатасыздар. Кызыктуу, мазмуну терең чыгармаларыңыздар менен адабиятыбызды байытуудасыздар. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кыргыз балдар адабиятынын жазуучуларынын эмгегин жогору баалайт жана кыргыз адабиятын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардлык күч-аракетин жумшайт. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден-соолук жана бакубатчылыкты каалайбыз», - деди Улукбек Марипов.

Төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары 50 000 (элүү миң сом өлчөмүндө) наамына ээ болду:

- Наматов Аман Наматовичке – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн» номинациясында «Гүлчечекей кулунчак» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Абдыраимов Ырысбайга – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн» номинациясында «Түбөлүктүү чеп» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости