www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Смарт Бажы» санариптик платформасынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу Минстрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров белгилегендей, бирдиктүү санариптик платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүк субьектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртып, анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле 2021-2022-жылдарга «Смарт Бажы» долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасы сунушталды.

Аталган платформаны түзүү үстүндө атамекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында жергиликтүү IT-компаниялар иш алып бара тургандыгына басым жасалды.

Улукбек Марипов «Смарт Бажы» жаңы санариптик платформасын түзүү үстүндө иштер ыкчам башталышы керектигин колдоого алып, ишке киргизүү процессин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

«Бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө иштеп чыгуу зарыл. Маанилүү кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, иштеп чыгуунун жүрүшүндө аныкталышы керек», - деп жыйынтыктады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости