www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ушул күндөрү сыркоолоп, баш калаадагы атайын ооруканага жатып калды. Азыр абалы жакшы, жалпы процедуралык эмдөөдөн өтүүдө.

Соңку кезде Балыкчы шаарына «Коопсуз шаар» долбоорун киргизип, заманбап ыкмада жаңы долбоорлорду ишке ашырып жатканы парламенттин жыйынына чейин айтышып, алкоого алынып жаткан шаар мэрине көпчүлүктүн көзү тийип кеттиби?

Мындай шартта дары менен түркүн уколдорго денесин чылабай, эмчи-домчуларга ырымдатып, киренесин чыгартып алса деле жарашмак. Же шаарда өскөн жигит шамалдуу калаада желге урунуп калдыбы?

Неси болсо да сакайып кетишине тилектешпиз!

Боорду ача салып, урду-берди күрсүлдөп жүрө бербей, ара-чолодо ден соолукка да кам көрө жүрүш керек да.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости