www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери баңгизатын сатууга шектелген кылмыштуу топту аныктап кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун түзөтүү колонияларында баңгизатты ташуу жана сатуу менен алектенген Чүй облусунун аймагында туруктуу кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул факт “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча КЖБРге катталган.
Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Тоголок Молдо – Витебск көчөлөрүнүн кесилишинен 1986-жылы туулган Т.Н.дин башкаруусундагы “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Ошондой эле унаада эки жаран болгон: 1989-жылы туулган Б.О. жана 1987-жылы туулган У.А.
Тергөөчүнүн жана эксперттин катышуусунда унааны текшерүү учурунда арткы орундуктан кара баштык табылган, анын ичинде жалпы салмагы 3 кг жакын кара куурайдын белгилүү жыты бар эки чоң сумка болгон. Мындан тышкары, Б.О.ду жеке текшерүү учурунда анын курткасынын чөнтөгүнөн кичинекей баштыктар табылып, анын ичинде салмагы 9 г салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат алынган.
Шектүү Б.О жана У.А Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg