www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва бийлиги 31-январда жети метростанция жабыларын билдирди.
Шаар бийлигинин бул кадамына жекшембиде камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акциясы өтөрү тууралуу чакырыктар себеп болду.
Маалыматка ылайык, саат таңкы сегизден баштап "Александровский сад", "Охотный ряд", "Театральная", "Площадь Революции", "Кузнецкий мост", "Лубянка" жана "Китай-город" метролору иштебейт.
Жергиликтүү бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернеттеги жапырт мыйзамсыз акцияга чыгуу чакырыктарынан улам жөө жүрүүгө да чектөө коюларын кабарлады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме чектөөлөр полициянын карамагында жүргүзүлөрүн белгиледи.
“Интерфакс” басылмасы “жума күнү полиция мыйзамсыз митингдерге катышкандар жана чакырык таштагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет” деп жазды.
Алексей Навальныйдын тарапташтары 31-январда жалпы өлкө боюнча нааразылык жыйындарын кайталоону көздөп жатышат. 23-январда Орусиянын көпчүлүк аймактарында өткөн нааразылык акцияларында полиция 4 миңдей кишини кармаган. Анда жыйынга 250 миңдей киши чыккандыгы маалымдалган.
28-январда убактылуу абакта (15-февралга чейин) кармалышына каршы жазган доо арызы сот тарабынан четке кагылган соң, Навальный орусиялыктарды Владимир Путиндин бийлигине каршы тайманбастан нааразычылык билдирүүгө үндөдү.
Булак: NazarNews.kg