www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылы 27-майда Ош шаарында эл аралык Азан жарышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына ылайык, жарыш “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналат.

Жарышка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан азанды коңур үн менен кооз, көркөм, туура айткан жалпы азанчылар катыша алат.

Тандоо турунун шарттары: азанчы өзүнүн жандуу айткан азанын уюлдук кол телефонго видеого тартып, аны +996 555 14-30-10 номериндеги телеграмм баракчасына 2023-жылдын 17-майына чейин жибериши керек. Калыстар тарабынан тандалган азанчылар финалга жолдомо алышат.

Финал 27-май күнү Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрында өтөт.

Байгелер:

1-орун: Умра сапарына жолдомо жана акчалай сыйлык;

2-орун: Умра сапарына жолдомо;

3-орун: Ноутбук;

4-орун: Телевизор.

Толук маалымат үчүн +996 772 18-48-89номерине кайрылса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости