www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда үч адам жеке менчик үйдүн даараткансына түшүп каза болгонун облустук прокуратуранын басма сөз кызматы бейшембиде билдирди.

Буга чейин жергиликтүү "Даракчи" басылмасы Сырдарыя облусунун Сардоба районунун тургуну атасы менен инисинен дааратканага түшүп кеткен чөнтөк телефонун алууга жардам берүүнү суранганын жазган. Дааратканага түшкөндөн кийин үч киши заң газдарын жутуп, эсин жоготуп, сыртка чыга албай калышкан.

Учурда адамдардын өлүмү фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат, деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, ушундай эле окуя 2017-жылдын июль айында Наманган облусунун Янгикурган районунда болгон. Жергиликтүү аял ажатканадагы чуңкурга түшүп кеткен уюлдук телефонду алып чыгуу үчүн эки жумушчу жалдаган. Ал жакка биринин артынан бири түшүп, экөө тең каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости