www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо экс министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирүү жасап, белгилүү көз дарыгери Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынын айланасындагы чырдын себебин түшүндүргөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен Исманкуловдун "Көз микрохирургиясы" менчик клиникасына мөөр басып, жаап кетишкен.

Эксминистр ЖМКлар анын айткандарына гана көңүл буруп, Исманкуловдун ишмердүүлүгүндөгү негизги маселелер көз жаздымда калып жатканына токтолгон. Ал Исманкуловдун мамлекеттик кредитти жеке кызыкчылыгына колдонгону, ал насыя үчүн эл аралык чыр болгону бул акчаны салык төлөөчүлөр эле өздөрү төлөп калары тууралуу айткан.

"Менчик клиника ушунча узак убакыттан бери мамлекеттин имаратында турганына эмне себептен эч ким нааразы болбойт? Пандемия убагында бейтаптарга орун жетпей жатканда да Алмаз Исманкулов бул имаратка бейтаптарды жаткырууну сунуштаган эмес. Эми азыр кечирим сурап, имаратты бошотуп койгондун ордуна, иши кылып мамлекеттик ооруканада калыш үчүн ар кандай жолду издеп жатат", — деген эксминистр.

Ал кезде Бейшеналиев реформаны уланта берерин айтып, ар кандай сын кептерге карабай саламаттыкты сактоо тармагын калыбына келтире турганын белгилеген.

"Президент реформа жасап, саламаттыкты сактоо жаатын калыбына келтирсин деп мага ишенди. Чынында жакшы жыйынтыктар бар. Кыргыз-түрк достугу ооруканасы иштеп жатат. Президент 2011-жылдан бери оңдолуп бүтпөй жаткан травматологиялык корпуска барып кетти. Бишкектеги №2 төрөт үйүнө имаратын кайтарып бердим. Азыр баары кенен болуп калды. "Алтын балалык" комплексин кайрадан калыбына келтирип жатабыз. Медиктерди сапаттуу окутуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Алмаз Исманкуловдун менчик имараттан клиника ачып алып ишин улантууга ким тоскоол болуп жатат? Башка медициналык борборлор деле ошентип иштешүүдө. Жүргүзүлүп жаткан реформага медицинанын бардык корифейлери кирет, анын ичинде Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев жана башкалар", — деп жазылат Бейшеналиевдин билдирүүсүндө.

Ал кезде ал дардалактап кызматынан алынарды билбей: «Мен президент менен жакшы мамиледемин. Андай мамиледе болбосок, анда мен эбак эле кызматтан алынмакмын. Менин рейтингим нөл болсун, бирок мен өз ишимди жасайм. Жыйынтыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен министрлер кабинети берет, оң чечим чыгат деп ишенем. Бирок, айта кетейин мен кетпейм, ордумда калам. Эгер калбасам, хирург болом», - Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо экс министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Этика, ыйман эмне экенин уруп ойнобой энтелеңдеп өз билгенин жасап жаткан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Башкы прокуратура эскертүү берген. Мындай чечим ЖМКларга жарыяланган жана жарандардан келген маалыматтарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган. Буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин Талас облусунун өкүлдөрүнө карата айтылган сөздөрү тараган, өлкөнүн башкы көзөмөл органы министрдин жүрүм-туруму этикага туура келбейт деп эсептеген.

Саламаттыкты сактоо эксминистри Алымкадыр Бейшеналиев «АКИpress» агенттигине Башкы прокуратуранын чечими боюнча өз оюн билдирген. Буга чейин Башкы прокуратура Бейшеналиевдин «Көз микрохирургиясы» клиникасынын ээси Алмазбек Исманкуловдун айтканы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылган. Башкы прокуратура Бейшеналиевге эскертүүдөн баштап кызматтан алууга чейинки жаза берилиши мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле Бейшеналиев таластыктар тууралуу айтканы боюнча эскертүү алган. Бейшеналиев өзү Башкы прокуратуранын мындай чечими адилетсиз экенин айткан: «Башкы прокурор Курманкул Зулушев ким, мени кызматтан алгыдай? Мени эл же президент жумуштан бошотот. Тескеринче, ал мага Исманкуловду кууп чыгууга жардам бериши керек болчу. Мен бүгүн имаратта болдум, мөөр менен жаптык. Күч структурасы мага жардам бериши керек, а мен жалгыз барып жатам. Мен канча жолу жардам сурадым. Баары унчукпайт. Мен жетишип калышым керек, мени баары бир кызматтан алышат.

Мамлекеттик мүлктү кайтаруу үчүн иштей берем. Мени президент, эл же журналисттердин тобу кызматтан алышы керек. Башкалар ала албайт. Алар ким? Кечээ башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жолукканбыз, ал мени камай турганын айтты. Мен эгерде күчүң болсо кама дедим. Мен жалгыз күрөшүп жатам, баары коркуп жатышат. Эмнеге министр болдум? Бардык министрлер отурат, мен дагы ошентип отурсам болмок, журналисттер, башкы прокурор да мага асылмак эмес. Бирок баары асылып жатышат. Чалып, коркутушат. Ким туура кылып жатканын эл таразалайт. Мен токтобойм, күрөштү улантам. Жетишпей жатканыма капамын. «Алтын балалыкты» 1-июнда берем, травматологиялык корпусту тапшырдым», - деген Бейшеналиев.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости