www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Екатеринбургда Жогорку Исецкий соту 25-апрелде 7 жашар уулун сатууга аракет кылган деген айып менен соттолуп жаткан Кыргызстандын 37 жаштагы жараны Наргиза А.га өкүмү чыгарды.
«Комсомольская правда» билдиргендей, ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127.1-беренеси («Жашы жете элек баланы өзүнө материалдык же башка жактан көз каранды болгон күнөөлүү адамга билип туруп сатып алуу жана сатуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.
2022-жылдын августунда «Вконтакте» социалдык тармагында бала 300 миң рублга сатылат деген жарнама «Альтернатива» кыймылынын ыктыярчыларынын көңүлүн бурган. Алты күн бою алар апасы менен “сатып алуучулар” атын жамынып жазышып, “келишимге” алдында алар баарын милицияга билдиришкен. Андан соң аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бала учурда балдар үйүндө жана баланы Кыргызстандагы туугандарына берүү маселеси чечилип жатат.
Орусиянын Тергөө комитетинин тергөөчүсү Денис Загоруйдун айтымында, Наргиза өз кылыгын уулуна "жакшы жашоону" каалаганы менен түшүндүргөн.
«Наргизанын каржылык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болгондуктан, балага жетиштүү билим бере албасын түшүнгөн. Кеп окуу китептерин сатып алуу, репетиторлорго акча төлөө жөнүндө болуп жатат. Аялга бала багуу кыйын болгон анткени саткысы келген уулунан тышкаыр 3 баласы болгон. Бала аны башка үй-бүлөгө саткылары келгенин билген эмес. Апасы уулуна өз атасы күтүп жатканын айткан. Ал так кайда бараарын түшүнгөн эмес ", - деди тергөөчү маегинде.
Булак: NazarNews.kg