www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди 25-октябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы.

Жабырлануучунун айтымында, ал интернеттен Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн батир алып берем деген жарнакты таап, 27-сентябрда ал турак жайдын ээсине 34 миң сом төлөп, көчүп келген. Эртеси кызды алдап кетишкени белгилүү болуп, ижарага берген жаран батирдин ээси эмес экени ачыкка чыккан. Ал аталган батирди өзү бир күнгө ижарага алган.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен ЭПКга катталган.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунан кылмышка шектүү жаран кармалды. 26 жаштагы Ш.Н. аттуу жаранды тинтүү учурунда анын жанынан сим-карталар жана уюлдук телефон табылган.

Кармалган жаран эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Милиция шектүүнүн башка кылмыштарга катышкандыгын аныктайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости