www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чүйлүк» деген аттын жардамы тийип, бир эсе «башкы куданын» досу болгону үчүн Бакыт Кудайбергенов кайып каскагынан Бишкекке мэр катары дайындалып калды. Мурда Чүй облусунун губернатору болуп иштей албай кызматынан кеткен.
Эми 1 миллиондон ашык калкы бар шаардыктардын экономикалык, социалдык, коопсуздук жагын кантип камсыздайт? Бир колхоздун башкармасындай жүрүш менен алдыга жыла албайт го? Бийликтин рейтинги Бишкекте начар экенин айтпасак да белгилүү.
Мындай шартта эскиче көз карашта иштеген, демилгесиз, идея чыкпаган, эптеп күн өткөргөн Бакыт Кудайбергенов көпке деле узабайбы? Учурда күйүп жаткан маселе көп, ал үчүн күнү-түнү тынбай эмгек кылуу керек.
Мэрибиз оонай басып, бир көчөнү кыдырыш, тынбай эле сүрөткө түшкөнчө күн батып, олуттуу маселелер чечилбей калып жатса кантебиз? Же кыйраткан командасы жок.
Кыскасы, Бишкек мэриясы кейиштүү абалда. Жаңы бийликке карай элдин ишеними кете берсе, аягын элестетип жатасыңарбы?
Булак: Азия News гезити