www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перуда чиновниктер жашыруун түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн президенти Франсиско Сагасти билдирген деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.

Президент өлкөдө расмий эмдөө баштала электе эле 480ден ашуун адам, анын ичинде бир нече министрлер жана Перунун экс-президенти COVID-19га каршы жашыруун эмдөөдөн өткөндүгүн билдирген.

"Кытайда жасалган Синофарм вакцинасын алуу үчүн 487 адам кызмат абалынан пайдаланган. Алар өлкөбүздөгү клиникалык сыноолордо колдонулган вакциналарга кошумча болуп калган Синофарм вакцинасы менен эмделип алышкан. Бул жөнүндө бизге маалым болду", - деген Сагасти.

Перунун мурунку президенти Мартин Вискарра былтыр кызматта турганда жубайы Марибель Диас Кабельо менен эмдөөдөн өткөн жана бул маалыматты коомчулукка ачыкка чыгарган эмес. Эмдөөнү жашыруун түрдө алган чиновниктердин бардыгы эле мурдагы президенттин администрациясындагы адамдар эмес. Арасында учурдагы өкмөттүн бир нече мүчөсү, анын ичинде тышкы иштер министри да бар экендиги айтылат маалыматта.

Перу өлкөсү 7-февралда 300 миң доза Синофарм вакцинасын алып, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине таратып, Латын Америкасында эмдөө жүргүзгөн биринчи өлкө болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости