www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Кылыч Шанаев кытайлар каржылап салынган мектептин, аталышын да кытайча кылып салган аткминерлерге нааразы. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтоло кетти:
- Төмөнкү сүрөттө Чаткал районунун, Чакмаксуу айылындагы жаңы салынган мектеп. Билинип турат кытайлар каржылап,салдырганын. Бирок кытайча жазып эмне кереги бар? Ээрчиме эл болдук! Ыргытып жибериш керек алып. Бажырайтып кыргызча эле жазып койсун. Чаткал районунун тиешелүү органдары каякты карап олтурат?
Жарандык активист күйүп бышкандай эле бар чынында. Бүткүл Чаткал боюнча кыпкыргызча аты менен таанылып, элге кызматы менен ысымы сиңген, элдин эсинде эмгеги менен калган инсан жок калыптырбы?!
Кытай тамгасын тааныбаган, эзели кытайча окубаган адамдар кантип түшүнөт. Кытайлар этникалык кыргыздарды камап жатат деген жаңылыктар байма бай таркап жатса, биз оозубузду ачып кытайларды төбөгө чыгарып алдык!
Кытайлардын тизгинин тиешелүү органдар бир аз тартса жакшы болот эле.
Булак: NazarNews.kg