www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун орус жарандыгы бар" деген маалыматтардын чын-төгүнүн териштирет. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыка" билдирди:

- Бул маалымат боюнча сөзсүз түрдө текшерүү иштери жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин маалымат берилет.

Сарыбашовдун орус жарандыгы тууралуу маалымат буга чейин Интернетте тараган. Парламенттин бүгүнкү, 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина да анын кош жарандыгын текшерип чыгууну сунуш кылган.

Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "мэр Орусиянын жарандыгын алган эмес" деп билдирген.

Таалайбек Сарыбашов быйыл 18-июлда Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган. Ага чейин 2012-жылдын декабрынан тартып өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости