www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурордук текшерүү учурунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 га жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

«Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жогорудагы факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости