www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментине 8 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актылары бир-бирине дал келбей калган. Анда медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алууда көрсөтүлгөн департаменттин бардык тармактарында тутумдук коррупциялык схема аныкталып, жыйынтыгында алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгендиги аныкталган.

--"Мындан тышкары, департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келген. Коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 8 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости