www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 1173 материал болгон, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 935 фактысынын бети ачылган.  Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 255 адамдан турган 64 кылмыштуу топ кармалган.   Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 3069 мал уурдалган, анын ичинен 2722 мал ээлерине кайтарылып берилген.  Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 78 млн. 360 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 42 млн. 740 миң сомду түзөт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мал уурулук кылмыштарынын себеби малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылып жатканы.

Ички иштер министрлиги жарандарга дагы бир жолу кайрылат: Урматтуу жарандар, малыңыздарды көзөмөлдөп, этият болуңуздар.   Уурулардан сак болгула! Айыл жергесинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен ар бир жаран эртеӊки келечегинин ишенимдүү кепилдигин бекемдей алат, сиздерден суранаарыбыз, короолоруңардын эшиктерин бекемдеп, жайыттагы малдарды кайтарууга өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости