www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун талкуулап жатышат.  Талкуу учурунда депутат Ырыскелди Момбеков “КТ мобайл”  компаниясынын маселеси эмнеге чечилбей жатканын сурады. Ал эми ага жооп катары Өткүрбек Жамшитов төмөнкүчө жооп берди:

"Ырыскелди Чыныбекович, сиздин фактыларыңызды түшүнүп жатам. Сиз да фактылар менен берсеңиз! Айтып коюш оңой "ушунча миллион, ушунча миллион мамлекетке зыян келди" деп. Анын баарын тактап чыгалы. Ошон үчүн тергөө болуп жатат. Эгерде сиздики далилденсе ошону барып жоопко тарталы. Бизди атайын эле бекитип чыгарбагандай эле айтып жатасыз. Биз деле балдарды алып иштеп жатабыз", - деди Жамшитов.

Булак: NazarNews.org

Последние новости