www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Масалиевдин ордуна парламентке ким келээри ачыкталды

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышынын ишине нааразы экенин айтып, мандатын тапшыраарын айткан Исхак Масалиевдин ордуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп Нургазы Айдаров келет. Бул тууралуу журналисттерге Тынчтык Шайназаров билдирген.

Анын айтымында, парламентке келе турган Нургазы Айдаров - "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаровдун иниси.

Нургазы Айдаров 1966 жылы 16-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө районунда төрөлгөн.  54 жаштагы саясатчы буга чейин Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышында депутат болгон. Биринчисинде "Ак-Жол" партиясынан депутат болсо, экинчи жолу "Ата-Журт" партиясынан мандат алган эле.

Булак: NazarNews.org

Последние новости