www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отчет берип, депутаттардын суроосуна жооп берип жатат.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков “КТ мобайл”  компаниясынын маселесин көтөрүп чыкты.

“Бүгүнкү күндө “Кт мобайл” банкрот. 345 млн сом акча бөлүнгөн виртуалдык операторлор бир жарым жылда иштейт дегени иштебей калды. Ошол 345 млн сом акча орусча айтканда “ветерге”, кыргызча айтканда бекерге чачылды. Бюджеттин акчасы максатсыз пайдаланды, бирок, иш козголгон жок. Бир жарым жыл өттү. Бул акча менен эксперимент жазабайт да. Бир жылдын ичинде 18 миң абонент деген бул “жок” деген сөз. Бул 345 млн сом акча “оомин, аллаху акбар” жок, өлдү”,-деди депутат.

Мындан сырткары, депутат башкы прокурорго “Нур телекомдун” “О”го жыштыктарынын өтүшү боюнча кылмыш иши козголуп, бюджетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгенин айтып, эки жылдан бери эч жыйынтык болбой жатканын кошумчалады. Ошондой эле, ӨткүрбекЖамшитовго ушул маселени көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости