www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында “Мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ролу” темасында семинар өткөрүлдү.
Иш-чара коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын артыкчылыктуу багыттары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн укуктук статусу жана кызматтык милдеттери, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун практикалык инструменттери талкууланды.
Ошондой эле, мыйзам чыгаруу процессине жана коррупцияга каршы аракеттенүү системасын натыйжалуу калыптандыруунун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Бул иш-чара коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган жана мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттырууга жол ачкан семинарлардын туруктуу циклин баштайт.